Салык чек: 10 электромобиль, Дубайга жолдомо утуп алгандардын тизмеси

Салык чек: 10 электромобиль, Дубайга жолдомо утуп алгандардын тизмеси

Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында 1-июлда Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын башкы байгелери ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, түз эфирдин жүрүшүндө 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталды.

Утушка «Салык чек» тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 6,5 миллиондон ашык ID- номерлери менен 238 миңден ашык жаран катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды.

Атап айтканда, 10 электромобилдин ээлери болуп төмөнкүлөр аныкталды:

– Назира Султанбекова;

– Уланбек Матмусаев;

– Улан Сарымсаков;

– Марина Осмоналиева;

– Руслан Азималиев;

– Үмүт Акматова;

– Асель Асанбекова;

– Даулет Кадыркулов;

– Чынара Кахарова;

– Зарина Мамутова.

Ошондой эле, 3 адам Дубайга жолдомо (эки кишилик) утуп алышты:

– Улугбек Абдуллаев;

– Азат Насиров;

– Джаныбек кызы Алтынай.

Утуштар УТРКда, Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлдү, ошондой эле эстрада жылдыздарынын катышуусунда кызыктуу шоу-программа жана концерт менен коштолду. Иш-чарага келген көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 заманбап смартфон ойнотулду.

Белгилей кетсек, 26-июндан 1-июлга чейин өткөн лотереянын биринчи этабында жалпысынан 1183 байге ойнотулду. Анын ичинен 26-30-июнь күндөрү Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана 20 Дайсон маркасындагы фен ойнотулду. Ал эми 1-июлда Ала-Тоо аянтында 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>