Бишкек шаардык милициясы 3 тонна кара куурайды жок кылды
Бишкекте “Кара-Куурай” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул туураалуу шаардык милициядан билдиришти.
Иш-чара 3-9-июль күндөрү шаардык милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, ыкчам кызматкерлер тарабынан жергиликтүү бийлик менен бирге өткөрүлгөн.
“Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарында жапайы өскөн кара куурайдын үч тоннадан ашык чийки массасы жок кылынды. Ошондой эле шаардык инфраструктуранын объектилеринде жайгаштырылган баңгизаттардын 88 көчө жарнактары сырдалды”, – деп айтылат маалыматта.
Милиция алар тарабынан жаштар арасында баңгизат адамдын жашоосун бузары, андан алыс болуу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери улантылып жатканын билдиришти.
[image_carousel source=”media: 193704,193705,193706,193707,193708,193709,193710″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз