Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Бишкекте мыйзамсыз салына баштаган үйдүн курулушу токтотулду
27.07.2023 | 17:18
Бишкекте мыйзам салына баштаган көп кабат үйдүн курулушу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Малыматка караганда, Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан Севастопольская көчөсү 8 дарегинде уруксаты жок көп кабат турак жайдын курулушу башталганы аныкталган. Шаардык прокуратуранын жана Экономика министрлигинин көрсөтмөсүнүн негизинде ал жакта пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлгөн.
“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен куруучу «Кыргыз Интер Строй» ЖЧКсына «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чаралар көрүлдү. Андан ары материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом