Кытайлык компаниялар Казарман ГЭСтер каскадын курат

Кытайлык компаниялар Казарман ГЭСтер каскадын курат

Бүгүн, 27-июлда “Ысык-Көл-2023” VI Эл аралык экономикалык форумунда Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюу аземи болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Нарын дарыясында 2030-жылга чейин жалпы кубаттуулугу 1160 МВт болгон Казарман ГЭС каскады курулуп, ишке киргизилет.  Каскад төрт гана гидроэлектростанциясын камтыйт: Ала-Буга ГЭСи 600 МВт, Кара-Булуң-1 ГЭСи 149 МВт, Кара-Булуң-2 ГЭСи 163 МВт, Тогуз-Торо ГЭСи 248 МВт. Инвестициялардын жалпы баасы болжолдуу түрдө 2,4-3 миллиард АКШ долларына бааланган жана деталдык долбоорду иштеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча так аныкталат.

Долбоордун инвесторлору жана ишке ашыруучулары ири кытайлык компаниялардын консорциуму: PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd, Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd.

«Түзүлгөн инвестициялык келишим Кыргызстандын тарыхындагы эң ири келишим болуп саналат. Мамлекет башчынын жетекчилиги астында ушул эле масштабдагы дагы он чакты долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Жакынкы жылдары биз электр энергиясын өндүрүүдөгү тартыштыкты гана толтурбастан, электр энергиясын экспорттоодон жылына жүздөгөн миллион доллар киреше алууга мүмкүндүк берүүчү кубаттуулуктарга ишенимдүү жетебиз», — деди Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>