Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Видео: Махмудов, Шаршенбеков жана Бейшекеев эл аралык мелдеште алтын утту
06.08.2023 | 17:00
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Сербияда өткөн Ljubomir Ivanovic Gedza Memorial мелдешинде 6 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Младеновац шаарында 5-августта болуп өткөн. Бул турнирде Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) алтын медаль тагынды.
Ал эми Бексултан Махмудов (97 кг) күмүш, Үзүр Жусупбеков (97 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) коло байге утту.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз