КМШ оюндары: Грек-рим күрөшүнүн балбандары 6 медаль утту

КМШ оюндары: Грек-рим күрөшүнүн балбандары 6 медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандары Минск шаарында (Беларус) өтүп жаткан КМШ оюндарында 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, балбандар 1 күмүш жана 5 коло медаль уткан. Улан Муратбек уулу (55 кг) күмүш медаль тагынса, Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Баяман Каримов (63 кг), Самат Аманат уулу (67 кг), Ырысбек Максатбек уулу (77 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медалдын ээси болушкан.

Эскерте кетсек, Беларуста өтүп жаткан КМШ оюндары 4-14-август күндөрү өтөт. Ага 24 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышат. Спорттун 21 түрү боюнча 1 миң 672 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын атынан бул мелдешке спорттун 17 түрүнөн 200дөн ашык спортчу катышат.

Кыргызстандан Минсктеги мелдешке 200дөн ашык спортчу аттанат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>