Милиция шаар тургунун тапанча менен коркуткан жаранды кармады

Милиция шаар тургунун тапанча менен коркуткан жаранды кармады

Бишкекте шаар тургунун тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин Instagram’дагы баракчалардын бирине белгисиз адам коомдук тартипти бузуп, кайым айтыш учурунда бир жаранды тапанча менен коркутуп жатканы тартылган видео чыккан. Окуя Некрасов көчөсүндө болгон.

Аталган факт Ленин райондук милициясында каттого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаардык жана Ленин райондук милициясынын ыкчам кызматкерлери шектүү катары 34 жаштагы Т.К. аттуу жаранды кармаган. Тиешелүү тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине белгисиз маркадагы тапанчаны өткөрүп берген. Тапанча боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Ошондой эле, шектүү тапанча менен коркуткан И.С. аттуу жаран эч кимге дооматы жок экенин билдирип, милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, тапанча менен коркуткан делип кармалган шектүү “Манас эл аралык аэропортунун” туунду компаниясы “ИНТЭКтин” директору Тилек Кадырбердиев болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>