Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Нарында милиция iPhone’ун жоготуп алган туристке телефонун таап берди (видео)
21.08.2023 | 11:41
Нарында милиция америкалык туристке жоголгон телефонун таап берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, АКШдан келген турист 17-августта Соң-Көлдө эс алып жүрүп iPhone телефонун жоготуп алган. 18-августта ал милицияга кайрылган.
Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционерлери Молдобай Темирбек уулу жана Нуржигит Аскарбек уулу телефонду тез арада таап, ээсине кайтарып берген.
“Өз кезегинде туристтер милиция кызматкерлеринин ыкчам кызматын жогору баалап, ыраазычылык билдиришкен”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом