Азенбек Козукеев Талас облустук милициясын жетектейт

Азенбек Козукеев Талас облустук милициясын жетектейт

Азенбек Козукеев Талас облустук милициясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Козукеев 1982-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ленин айылында туулган. 2005-жылы ИИМдин Академиясын аяктаган.

«Ички иштер органдарында 2000-жылдан бери кызмат өтөп келет. Өз кызматын эң биринчи Жалал-Абад облусунда ыкчам кызматкер болуп баштаган. Көптөгөн кызматтарды жетектеп, ошол эле облуста Майлуу-Суу, Сузак райондорунда кылмыш иликтөө бөлүмдөрүндө башчы, андан соң 2022-жылы Таш-Көмүр жана 2023-жылы Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө башчы болгон», — деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын апрель айынан бүгүнкү күнгө чейин Талас облустук милициянын башчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.

Эскерте кетсек, буга чейин Талас облустук милициясын жетектеген Азамат Токтоналиев Бишкек шаардык милициясынын башчысы болуп дайындалган.

Милиционерлердин кармалышы боюнча кимдер жазаланды. ИИМдин жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>