Чүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттү
Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар жолугушту
21.08.2023 | 16:00
Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыйын 13-19-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн.
“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөн. Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом