Жапарбек Ормонов Ысык-Көл районунун акими болду. Өмүр баяны

25.08.2023 | 18:55

Ормонов Жапарбек Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

«Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ормонов Жапарбек Туратович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта.

Өмүр баяны

Ал 1973-жылы 23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Ош технологиялык университетин “жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу” адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

1989-1991 — Кара-Суу районунун “Ленин” колхозунда жумушчу;

1993-1997 — Ош мамлекеттик университетинде комендант;

1997-2000 — Ош технологиялык университети, административдик чарба иштери боюнча проректор;

2000-2001 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысынын орун басары;

2002 — Ош мамлекеттик университети, Маркетинг жана тышкы байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2002-2003 — Ош мамлекеттик университети, административдик чарба иштери боюнча департаментинин башчысы;

2003-2014 — Ош мамлекеттик университетинин проректору;

2014-2015 — Ош шаарынын вице-мэри;

2016-жылдын 25-апрелинен тарта Ош шаардык кеңештин төрагасы болчу.

Буга чейин Ысык-Көл районунун акими Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top