Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Бүгүн унаа, турак жай үчүн салык төлөөнүн акыркы күнү
01.09.2023 | 11:10
Бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер тилкелерине салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Салык кызматы жарандарды салыкты өз убагында төлөөгө жетишип калууга чакырат. Болбосо айып пул салынат.
“Салыкты банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдары, төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот”, – деп айтылат маалыматта.
Кеңири маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом