Көк бөрүдөгү чыр: Чагымчылдык кылгандар жоопко тартылат, — ИИМ

Көк бөрүдөгү чыр: Чагымчылдык кылгандар жоопко тартылат, — ИИМ

31-августта Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданындагы көк бөрү оюнунан кийин чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, көк бөрү боюнча финалдык беттештен кийин көрүүчүлөр оюндун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип, массалык түрдө коомдук тартип бузушкан.

«Бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Жабыркаган жарандар жок. Териштирүү иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат», — деп билдирет министрлик.

Ошондой эле, министрлик акыркы күндөрү социалдык тармактарда  аймактар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр жарыяланып жатканын белгилеп, чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

«ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Ички иштер министрлиги аймактар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 31-августта Эгемендиктин 32 жылдыгына карата Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында улуттук оюндар боюнча, анын ичинде көк бөрү боюнча финалдык беттештер өткөн. Көк бөрүнүн жогорку лигасынын финалында «Достук» жана «Ынтымак» командалары ойногон. Бул беттеште «Ынтымак» 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Бирок оюндун 2-бөлүгүнүн 14-мүнөтүндө талаш жараткан учур болгон. «Достуктун» оюнчусу Манас Ниязов улакты алып, атаандаштарынын тай казанына бара жатканда, алдынан «Ынтымактын» оюнчусу тороп чыгып, Ниязов салым жасай албай калган. Экинчи бөлүк аяктагандан кийин «Достуктун» капитаны «Ынтымактын» улакчысы оюн талаасына алмашууга кирип жатканда эреже бузганын айтып арызданган. Аталган маселе боюнча эки команданын капитандары, калыстар бир пикирге келе албай, үчүнчү бөлүктүн башталышы кечеңдеген. Соңунда үчүнчү бөлүк да башталып, эч ким жаза мамысына чыккан эмес. Экинчи бөлүктүн жыйынтыгы менен эсеп 1:1 болгон.

Үчүнчү бөлүктө «Ынтымактын» оюнчулары дагы бир улак салып, эсепти 2:1 кылган. Эсеп оюндун аягына чейин өзгөрүүсүз калып, натыйжада «Ынтымак» жеңишке жеткен.

Оюн аяктагандан кийин, көп өтпөй, күйөрмандардын арасынан нааразы болгондор оюндагы калыска желим бөтөлкө ыргыта баштаган.

Андан кийин калысты милиция кызматкерлери коргоп, ат майдандан алып кетип жатканда айрым күйөрмандар калысты, аны корголоп бараткан милиция кызматкерлерин желим бөтөлкө, таш менен ургулаган. Калысты «Тез жардам» алып кетти деп ойлогон күйөрмандардын айрымдары медицина кызматкерлеринин унаасын таш менен уруп, айнегин сындырып салган.

Бул ызы-чуудан кийин «Достук» менен «Ынтымактын» оюнчулары элге жана күйөрмандарына кайрылып, ынтымакка чакырып, чагымчыл адамдардын сөздөрүн ээрчибөөнү суранган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>