«Э-э-й жигит, кармабай ойно». Президент оюн учурунда Пуйолго эмне дегенин айтты

«Э-э-й жигит, кармабай ойно». Президент оюн учурунда Пуйолго эмне дегенин айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек куруп, 30-августта «Барселона» футбол клубунун атактуу оюнчулары менен болгон жолдоштук беттеш тууралуу айтып берди.

Журналист президентке «Эгемендүүлүк күнүнүн алдында Бишкекте футбол сүйүүчүлөрү үчүн чоң майрам болду. «Барселона легендалары» менен «Азия легендаларынын» ортосундагы беттеште сиз да ойнодуңуз. Бирок биринчи тайм аяктап калганда чыгып кеттиңиз. Чарчадыңызбы же башка бир себеби барбы?» деген суроо салган.

«Жок, чарчаган жокмун. Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөөрдө билектен бекем кармап алды. «Э-э-й жигит, кармабай ойно» деп күлүп кайрылсам, «sorry-sorry» (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы Барселонанын балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттим да, жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир Барселона деген Барселона да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп», — деди Жапаров.

Карлес Пуйоль — испаниялык футболчу, коргоочу позициясында ойногон. Өзүнүн футболдук карьерасын «Барселона» клубунда өткөрүп, 2004-2014-жылдары анын капитаны болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>