ЕАЭБ баңгизаттарды жана психотроптук заттарды экспорттоого лицензия алууну жөнөкөйлөттү№13 округдан шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште ант бериштиКыргызстандыктардын үчүнчү тобу Словакияга жумушка жөнөп кеттиЭрмек Омуралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана таштандыларды башкаруу боюнча жаңы чаралар бекитилдиКыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Шаршенбеков таймашка чыгат
22.09.2023 | 09:00
Бүгүн, 22-сентябрда Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча эки кыргызстандык балбан таймашка чыгат.
62 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 97 кг салмакта Бексултан Махмудов күрөшөт.
Шаршенбековдун бул дүйнө чемпионатындагы биринчи беттеши 1/16 финалдан башталып, ал литвалык Юстас Петравичюс менен күч сынашат.
Бексултан Мадмудов да 1/16 финалдан баштап таймашка чыгат. Ал ким менен күрөшөрү азырынча белгисиз. Махмудовдун атаандашы грециялык Лаократис Кесидис жана египеттик Мохамед Али Элсаед Габрдын ортосундагы беттеште аныкталат.
Эскерте кетсек, ошондой эле, бүгүн дүйнө чемпионатынын финалында Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт.
Дүйнө чемпионаты: Махмудов финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз