Садыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда«Бишкек Арена» стадионунун ачылышына карата шаарда акысыз автобус каттамдары уюштурулатЖККУда нацизмдин кылмыштары тууралуу тарыхый чындыкты коргоого чакырыштыМэрия: «Мадинагы» өрттүн чыгымы боюнча алдын ала эсептер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди
Бишкекте жаш жигит ижарага алган унааны 500 миң сомго сатып жиберген
22.09.2023 | 09:20
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка карганада, 10-сентябрда милицияга аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл июль айында чала тааныш болгон М. аттуу жаран башкалардан ижарага алган Toyota Ist унаасын ага алдоо жолу менен 500 миң сомго сатып жиберген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 25 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган. Шектүү райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз