4 ай мурун Малайзияга элчи болгон Жумаев кызматтан алынды

27.09.2023 | 12:36

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, Алтынбек Жумаев элчи кызматына 4 ай мурун, 31-майда дайындалган. Ал буга чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеген.

Алтынбек Жумаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болду (reporter.kg)

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top