Убактылуу кармоочу жайга маңзат алып кирүүгө аракеттенген шектүү кармалды

Убактылуу кармоочу жайга маңзат алып кирүүгө аракеттенген шектүү кармалды

Жалал-Абадда Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына баӊгизатын киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милииядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-сентябрда 35 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга тез татым тамагын алып келген. Тез татым тамагы райондук милициянын көзөмөл-өткөрмө пунктундагы милиция кызматкери тарабынан текшерилип, анын ичинен салмагы 3 граммдан ашкан баңгизат табылган.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары кармалган 35 жаштагы О.М. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>