УКМК Бишкек шаардык соттун судьясы Назгүл Илиязованы кармады

УКМК Бишкек шаардык соттун судьясы Назгүл Илиязованы кармады

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н. (Назгүл Илиязова) опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык сотунун айрым соттору каралып жаткан кылмыш иши боюнча эркинен ажыратуудан башка жаза колдонуу үчүн соттолуучунун жакындарынан 5 миң доллар (443,5 миң сом) опузалап алышкан.

УКМКдан билдиришкендей, аталган факт пара опузалоо боюнча жалгыз учур эмес. Себеби Бишкек шаардык сотто айрым соттор тарабынан пара опузалап алуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган. Бул схемага аралашкан «ишенимдүү» жактоочулар болгон.

Соттор кеңешинин макулдугу менен Назгүл Илиязова 27-сентябрда кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен 26-ноябрга чейин камакка алынган.

Учурда аталган коррупциялык схемага катышы бар Бишкек шаардык сотунун судьяларын кармоо үчүн далидер топтолууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>