Депутаттар мечиттердин жабылышына каршы чыгышты

25.10.2023 | 10:41

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Ош жана Жалал-Абад облустарында жабылган мечиттерди ачууну сунушташты.

Шайлообек Атазовдун пикиринде, мечиттерди жапкандар президенттин атынан иш алып барып, өлкө башчысын элге жаман көрсөтүү аракетин көрүүдө.

“Жалал-Абадда 69, Ошто 39 мечит жабылды. Бул президенттин тапшырмасы деп жатыптыр. Элге президентти жаман көрсөтүү аракети болуп жатат. Мечит маселесин дыкат карасаңар. Аркы дүйнөгө кеткенде мечитке барганыңар гана жардам берет”, – дейт ал.

Депутат Жалолидин Нурбаев мамлекеттик органдарга мечиттердин маселесин чечүүгө жардам берүүнү сунуштады.

“Өрт өчүргүч каражаты, документи жок болсо эле жабылып калыптыр. Мекемелер жардам беришсин”, – дейт ал.

Төрага Нурланбек Шакиев мамлекет динге кийлигишпестигин, бул боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чечерин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top