Сентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырдыМаданият министрлиги 27 млн сомду максатсыз колдонуу иши боюнча комментарий бердиОрусиянын расмий каттоосундо турган кыргызстандык мигранттардын саны 377 миңге жетти
Кыргызстандагы этникалык диаспораларга мамлекет акча бөлөт
13.11.2023 | 17:23
Кыргызстандагы этникалык диаспоралар мамлекет тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумунун катышуучуларына кайрылуусунда айтылат.
Президент демилгеси менен “Кыргызстан калкы ассамблеясы жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Садыр Жапаровдун пикиринде, Ассамблеянын ишмердүүлүгү мамлекеттик негизде жолго салынышы керек.
Өлкөдө тынчтык орнотуу жана элдин биримдигин бекемдөө максатындагы аракеттерге Бириккен Улуттар Уюму акча бөлдү.
“Мен 2021-жылдын апрель айында БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттерешке техникалык жана каржылык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылгам. Кайрылуумду оң карап чыккандыгы үчүн БУУга ыраазычылык билдирем”, – деди президент.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом