Баткенде мекенин коргоп курман болгон эки жоокердин ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды

Баткенде мекенин коргоп курман болгон эки жоокердин ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды

Баткенде 2022-жылы Тажикстан Кыргызстанга кол салганда мекенин коргоп курман болгон эки жоокердин ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы көчөгө ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысымы берилген.

 

Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта баатырларча курман болгон.

23 жашында мекен чегин коргоп набыт болгон баатырга (каза болгондон кийин) өлкө башчысы тарабынан «Эрдик» медалы ыйгарылган.

Ошондой эле Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө Марат Ташмирзаевдин ысымы берилген.

Марат Ташмирзаев да 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасында мекенин коргоп баатырларча курман болгон. 20 жашында мекен чегинде курман болон чек арачы Марат Ташмирзаев УКМКнин Чек ара кызматынын Бөрү атайын отрядында кызмат өтөгөн.

Баатырлардын ысымын ыйгаруу аземине облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, жоокерлердин жакындары, айылдаштары, кесиптештери  катышкан.

Облус башчысы Алимбаев «мекендин бүтүндүгүн коргойм деп жатып шейит кеткен баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт, алар аз жашаса да, ысымдары түбөлүккө жашайт», — деп белгилеп, баатыр уулдарды тарбиялаган ата-энелерге ыраазычылык билдирип, көңүл айткан.

«Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин чек ара окуяларында каза болгон 45 мекендешибиздин ысымы өздөрү туулуп өскөн аймактардагы көчө, сейил бактар, спорт комплекс сыяктуу объекттерге берилди», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>