КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Бишкекте тургун “акчаңды көбөйтүп берем” деген адамга $400 миң берип, алданып калган
23.11.2023 | 18:00
Бишкекте жарандан 400 миң доллар алып, алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 27-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушевге Ж.Ж. аттуу жаран арыз жолдоп, анда 2022-жылы 10-майда Бишкектеги курулуш компанияларынын биринин директору Д.М. акчасын көбөйтүп берем деп 400 миң доллар алып, инвестиция тууралуу жасалма келишим түзүп, алдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 39 жаштагы Д.М. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал 5-декабрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз