Садыр Жапаров Израиль-Палестина жаңжалын токтотуу чараларын көрүүгө чакырды

Садыр Жапаров Израиль-Палестина жаңжалын токтотуу чараларын көрүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын тар форматында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдор сөз сүйлөштү.

Садыр Жапаров өз сөзүндө жыйындын күн тартибине Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн да, тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоодо ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү үчүн да актуалдуу болгон маселелер камтылганын баса белгиледи.

“Дүйнөдөгү геосаясий абал түзүлгөн кырдаал барган сайын татаал жана карама-каршылыктуу мүнөзгө ээ болуп жатканын көрсөтүп турат. Терең кайгыруу менен биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти көрүп жатабыз. Биз тараптарды жай жарандарга карата курмандыктарга жана зомбулукка жол бербөө, согуштук аракеттерди тез арада токтотуу жана сүйлөшүү процессин дароо баштоо боюнча ар тараптуу чараларды көрүүгө чакырабыз. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, «эки мамлекет» принцибинин негизинде Израиль-Палестина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз”, — деди президент.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы көңүл борборунда мурдагыдай эле Афганистандагы кырдаал калып жатканын белгилей кетти. Кыргызстан Афганистан тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар жана бул өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча баардык көп тараптуу сүйлөшүү процесстерин толугу менен колдойт. Кыргыз тарап Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн жасап жаткан аракеттерин кубаттайт жана алардын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууга болгон умтулуусун колдойт.

Садыр Жапаров Кыргызстан бул өлкөдөгү социалдык жана гуманитардык абалдын мындан ары начарлашына жол бербөө максатында афган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнүн улантылышын жактайт, деп баса белгиледи.

«Бүгүн биз тынчтыкты орнотуу ишмердигине тиешелүү бир катар актуалдуу документтерге кол коебуз. Атап айтканда, тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамы жаңыртылат жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоо контингенттеринин жайгашуусу БУУнун Тынчтыкты сактоо боюнча операцияларына ЖККУ тынчтыкты сактоо контингентинин практикалык катышуусу үчүн шарттарды түзөт»,- деп кошумчалады ал.

Президент кыргыз тарап ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы кызматына Россия тараптын өкүлү, генерал-полковник Андрей Сердюковдун дайындалышын колдой турганын баса белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан ЖККУнун Бириккен штабынын штатына киргизилип жаткан уюштуруу-штаттык өзгөртүүлөрдү жана жаңы сыйлыкты, ошондой эле Уюмдун финансылык ишин жөнгө салуучу документтерди жактырды.

Садыр Жапаров 2024-жылдын январынан тарта Башкы Катчынын орун басарларынын биринин позициясы Кыргызстанга өтөөрүн белгиледи. Бул кызматка дайындоо үчүн Мамлекет башчысы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Өзгөчө тапшырмалар боюнча Атайын Өкүлү Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги жактырылды.

Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу быйылкы өз ара аракеттенүүнүн негизги жыйынтыктарын чыгарууга жана алдыдагы жылы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулоого мүмкүндүк бергенин белгиледи. Ал биргелешкен аракеттердин жана конкреттүү аракеттердин негизинде, жалпы кызыкчылыктарды эске алуу менен коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына натыйжалуу туруштук бере аларына ишенет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>