Ылдамдыкты азайтышпайт. Бишкектин тургуну Салиева көчөсүндө жасалма дөңсөөлөрдүн жоктугуна нараазыБалыкчыда «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусу салтанаттуу ачылдыМээрим Жуманазарова жана Нурзат Нуртаева бүгүн дүйнө чемпионатында килемге чыгатЖол инспекторлору менен урушкан мас абалындагы милиция кызматкери жумуштан алындыУлуттук банк: Банк секторунда долларлашуу деңгээли азаюудаАйпери Медет кызы дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт
Кыргызстандык шахматчы Москвада өткөн турнирде 1-орунду ээледи
27.11.2023 | 21:49
10-19-ноябрь күндөрү Москвада өткөн Эл аралык Чемпиондор Лигасынын күзгү этабында кыргызстандык шахмат боюнча эл аралык чебер Төлөгөн Тегин Семетей биринчи орунду ээледи.
Кыргызстандын Шахмат федерациясынан билдиришкендей, мелдеш эки турнирден турду: А турнири жана Б турнири. Турнир айлампа системасы боюнча 9 турдан турган 10 катышуучу менен өттү.
Негизги А турнирге Кыргызстан, Россия, Молдова, Армения жана Казакстандан келген өкүлдөр катышты. Алардын арасында 2 гроссмейстер, 2 эл аралык мастер, 5 ФИДЕ мастери болгон.
Төлөгөн тегин Семетей 6,5 упай менен биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду 5,5 упай менен ФИДЕнин мастери, москвалык Дмитрий Ростовцев алды. 3-орунду ФИДЕнин мастери москвалык Хайруллин Денис 5 упай менен ээледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар