Кара-Сууда 100 миң сомдон жардам алгандардын иши текшерилди

Кара-Сууда 100 миң сомдон жардам алгандардын иши текшерилди

«Социалдык контракт» программасынын алкагында кошумча 4,5 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Кара-Суу районунда «Социалдык контракт» программасынын аткарылышын мониторингт жүргүзүү учурунда билдирди.

«Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа өлкө боюнча 70 миңден ашык адамдын жашоо сапатын жакшыртты деп айта алабыз. Эң натыйжалуулугун көрсөткөн программанын катышуучулары «Жаңы кадам» республикалык курултайына катышат.

«Социалдык контракт» программасына катышкан үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалды гана жеңбестен, башкаларга да жардам беришет. 2022-2023-жылдардын ичинде программанын катышуучулары республика боюнча кошумча 4,5 миң жумуш орундарын түзүштү», — деп баса белгиледи Гүлнара Баатырова.

Ал бүгүн барган Луиза Мамасадыкова менен Шарабидин кызы Айзиректин үй-бүлөлөрүн мисалга келтирди.

«Мурда бул үй-бүлөлөр министрлик тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына төлөнүүчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу менен жашашса, бүгүнкү күндө такси кызматын көрсөтүп жатышат. Күнүмдүк кирешелери 1200-1500 сомго жетет.

Алынган 100 миң сомго Мухайо Маматханова 8 баш кой сатып алды. Ал тапкан кирешесине бүгүн жыгач устакана ачкан. Тигүү ишканасын төрт баланын энеси Сайера Уринбаева ачкан», — деди министр.

Гүлнара Баатированын айтымында, бул программанын эффективдүүлүгүн эске алуу менен келерки жылы мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин ача турган үй-бүлөлөрдүн санын 20 миң үй-бүлөгө жеткирүү пландоодо турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>