ИИМ ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө долбоорлорду сунуштады

ИИМ ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө долбоорлорду сунуштады

27-ноябрда Вена шаарында Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенда Макеевдин колдоосу жана катышуусу менен ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жолугушууга ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү Австриянын туруктуу өкүлү Флориан Рауниг мырза, Германиянын туруктуу өкүлү Сюзанна Шутц айым, Финляндиянын туруктуу өкүлү Веса Хаккинен мырза, АКШнын дипломатиялык миссиясынын башчысынын орун басары Кэтрин Брукер айым, ошондой эле ЕККУ Катчылыгынын өкүлдөрү — ЕККУ Катчылыгынын трансулуттук коркунучтарга каршы туруу боюнча ишмердүүлүгүнүн координатору Елена Купчина айым, ЕККУ Катчылыгынын полициянын ишмердүүлүгүнүн стратегиялык маселелери бөлүмүнүн жетекчиси Сами Рюхенен мырза, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Константин Бедарев мырза катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын ИИМдин делегациясы ДНК лабораториясын түзүү жолу менен ИИМдин эксперттик жөндөмдүүлүгүн санариптештирүүгө, өнүктүрүүгө жана модернизациялоого, экстремизмге жана диний радикалдашууга каршы аракеттенүү боюнча жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, ошондой эле кыргыз милициянын көчмө кабылдамаларынын жогорку кесипкөйлүктө тейлөөгө багытталган тутумун андан ары өнүктүрүүгө багытталган бюджеттен тышкаркы долбоорлорду сунуштады.

ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков ЕККУ Катчылыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалардын ишмердигин баалоо боюнча жүргүзгөн иштери жана Министрликтин ишмердигинин негизги багыттарын андан ары өнүктүрүү боюнча берилген сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө милицияны демократиялык коомдун талаптарына жооп берген заманбап мекемеге айландыруу узак мөөнөттүү демилге болуп санааларын белгилеп, ошол себептен динамикалуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн ЕККУ тарабынан кошумча колдоо көрсөтүү зарылдыгы келип чыгуусуна токтолду.

Сөзүнүн аягында ИИМдин башчысы ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүнө жана ЕККУ Катчылыгына Кыргызстандын ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалардын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча жүргүзгөн иштери үчүн ыраазычылык билдирип, сунушталган демилгелер оң нукта каралат деген ишенимин айтты.

Өз кезегинде, ЕККУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү сунушталган долбоорлорду карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришип, аларды ишке ашырууда мындан аркы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө натыйжалуулугун жогору баалашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>