Бишкекте милиция мечиттердин жанындагы кайырчылыкка каршы күрөшүүдөОш шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилди
Кыргызстандык шахматчы Москвада өткөн турнирде 1-орунду ээледи
27.11.2023 | 21:49
10-19-ноябрь күндөрү Москвада өткөн Эл аралык Чемпиондор Лигасынын күзгү этабында кыргызстандык шахмат боюнча эл аралык чебер Төлөгөн Тегин Семетей биринчи орунду ээледи.
Кыргызстандын Шахмат федерациясынан билдиришкендей, мелдеш эки турнирден турду: А турнири жана Б турнири. Турнир айлампа системасы боюнча 9 турдан турган 10 катышуучу менен өттү.
Негизги А турнирге Кыргызстан, Россия, Молдова, Армения жана Казакстандан келген өкүлдөр катышты. Алардын арасында 2 гроссмейстер, 2 эл аралык мастер, 5 ФИДЕ мастери болгон.
Төлөгөн тегин Семетей 6,5 упай менен биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду 5,5 упай менен ФИДЕнин мастери, москвалык Дмитрий Ростовцев алды. 3-орунду ФИДЕнин мастери москвалык Хайруллин Денис 5 упай менен ээледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар