Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

29.11.2023 | 12:53

Президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө арналган конференцияга катышуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат”, – дейт ал.

Белгилүү болгондой, 1-декабрда Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөйт. 2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

“Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт”, – деди Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top