Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө арналган конференцияга катышуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат», — дейт ал.

Белгилүү болгондой, 1-декабрда Садыр Жапаров жыйында сөз сүйлөйт. 2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

«Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт», — деди Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>