Видео: Эл менен эсептешпей койдук, 90%ы тууну өзгөртүүгө каршы, — депутат

Видео: Эл менен эсептешпей койдук, 90%ы тууну өзгөртүүгө каршы, — депутат

Кыргызстанда элдин 90%ы тууну өзгөртүүгө каршы. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүнкү парламенттин жыйында каралмак эмес жана анын күн тартибине киргизилгенин эч ким билбей калды.

«Жашыруун, жасалма жол менен тууну өзгөртүү тууралуу маселени алып кирип, өткөрүп койдуңар. Экинчиси менин ордума башка бирөө макул деп добуш берди. Ким кылса да жооп бериши керек. Мен туунун өзгөрүшүнө карамандай каршымын», — деди ал.

Ал Конституцияда мамлекеттик маанидеги маселелер элдин тандоосуна коюлушу керектиги жазылганын, тууну өзгөртүүнү дагы референдум аркылуу чечүүнү сунуштады.

«Элдин 90%ы каршы. Кулагын асып жүрүп укпаган, көзүн ачып жүрүп көрбөгөндөр биз болуп жатабыз. Референдум кылыш керек болчу.

Эл менен эсептешпей койдук. Жарандар бизди тууну каалагандай өзгөртүп, каалагандай добуш бергиле деп шайлаган эмес болуш керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүнкү жыйында парламент тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди. 66 депутат макул, 8 эл өкүлү каршы деген добуш берди.

Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду. Кимдер колдоп, кимдер каршы болду? (тизме)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>