Студент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташатТаластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтардыБишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалды
Бишкектен Бээжинге түз аба каттам ачылат
29.11.2023 | 14:08
Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан Кытайдын борбор калаасы Бээжинге түз аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бээжин – Бишкек – Бээжин багыты боюнча аба каттам 2024-жылдын биринчи кварталында ачылып, каттам кытайлык China Southern Airlines компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
Ошондой эле быйыл декабрь айында Чэнду – Бишкек – Чэнду каттамы ачылары пландалууда. Бул багыт боюнча каттам Changlong Airlines компаниясы тарабынан аткарылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом