“Дордой” базарындагы тигүүчүлөргө өзүнчө салык киргизүү сунушталды

“Дордой” базарындагы тигүүчүлөргө өзүнчө салык киргизүү сунушталды

Министрлер кабинети “Дордой” базарына карата салык саясатын өзгөчө тартипте жүргүзүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал базардагы ишкерлерди экиге бөлүп кароону сунуштады.

“Ал жакта соодаргер жана өндүрүшчүлөр бар. Экөөнө эки башка салык киргизүү керек”, — деди Балбак Түлөбаев.

Депутаттын пикиринде, азыркы салык саясаты жеңил өнөр жай тармагын солгундатат.

“Патентти жоюп салып, анын альтернативасын түшүндүрүп бере албай жатасыңар. Тигүүчүлөр үчүн өзүнчө чечим кабыл алыш керек. Ансыз деле бул тармакты Өзбекстан менен Казакстанга алдырып коюп жатабыз. Тигүү тармагында миллионго жакын адамдар иштейт. Алардын тагдыры не болот?”, — дейт эл өкүлү.

Балбак Түлөбаев “Дордой” базарынын экономикалык жана социалдык  ролу чоң экенин белгилеп, эскертүү жасап, “Кыргызстандын саясый коопсуздугуна таасир бере алат”, — деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>