Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Кыргызстанда убакыт алкагын 1 саатка артка жылдыруу сунушун колдоп, министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берди.
Депутат буга чейин «Баткен таңы» гезитинин редактору Адылбек Акматов жана баткендик дарыгер Нурали Койлубаев убакытты 1 саатка артка жылдырууну демилгелеп чыкканын айтып, ал сунуш колдоого татый турганын билдирди.
«Алардын айтымында, саатты артка жылдыруу менен адамдардын психикалык саламаттыгын сактап, балдарды таң эрте мектепке жана бала бакчага алып барууда бир катар түйшүктөн арылса болот. Ошондой эле алар электр энергиясын үнөмдөө менен экономикага бир аз да болсо салым кошот деп билдирген.
Билесиздер, убакытты эсептөө Гринвич обсерваториясынан өткөн меридиандан башталат. Дүйнөлүк убакыт алкагы боюнча гринвич биринчи алкакта, Москва экинчи алкакта, Бишкек шаары бешинчи алкакта жайгашкан. 2005-жылдын 12-августунан бери Бишкек убакыттын алтынчы алкагында турат», — деди ал.
Ал буга чейин Кыргызстанда саатты артка жылдыруу практикасы колдонуп келгенин айтып, министрлер кабинетине аталган маселени карап чыгуу боюнча протоколдук тапшырма берди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз