Төө-Ашуудагы кырсык: Маркум 2 милиционердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү

Төө-Ашуудагы кырсык: Маркум 2 милиционердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов 27-октябрда Төө-Ашууда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган унаадагы айдоочуну куткарам деп жараат алып каза болгон милициянын кызматкерлери Орозмамат Акуналиев менен Дилмурат Шамшиевдин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө маселесин көтөрдү.

Ал маркум милиционерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү керектигин айтты.

«27-октябрда Төө-Ашууда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнгөн. Ошол учурда иш сапарынан кайтып келе жаткан эки милиция кызматкери айдоочуга жардам беребиз деп өздөрү дүйнө менен кош айтышты. Бирөөнүн артында 4 бала, бирөөнүн 3 баласы калды. Кенемте берилдиби же келечекте берилеби? Балдарына жардам көрсөтүү боюнча протоколдук тапшырма бериңиздер (өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго айтылды). Жообун күтөм», — деди ал.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Бишкек – Ош жолунун 96-чакырымында (Төө-Ашуунун ичи) күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, өрттөнгөн. Жолдо бараткан унаалардагы адамдар өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн токтогон. Бир маалда күйүүчү май ташыган унаанын цистернасы жарылып, өрт жакын жерде турган унааларга өтүп кеткен.

Жарылуунун кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөө — Дилмурат Шамшиев жана Орозмамат Акуналиев Баткен облустук милициясынын кызматкери болгон.

Дилмурат Шамшиев Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү, милициянын майору болгон. Артындан аялы менен 3 баласы калды.

Орозмамат Акуналиев Кызыл-Кыя шаардык милициясында тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны болгон. Анын артында аялы менен 2 уул, 1 кызы калды.

Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүшкөн экинчи милиционер көз жумду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>