Кыргызстанда убакытты бир саатка артка жылдыруу сунушталды

Кыргызстанда убакытты бир саатка артка жылдыруу сунушталды

Кыргызстанда саатты артка жылдырып, убакытты өз ордуна келтирүү сунушталууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге «Баткен таңы» гезитинин редактору Адылбек Акматов билдирди.

Ал калктын стресс абалын, менталдык саламаттыгындагы көйгөйлөрдү убакытка байланыштырат.

«Биз азыр жасалма убакытта жашап жатабыз. Негизи бешинчи алкакта (UTC+5) жайгашканбыз. Азыр шашып жашап атабыз. Эртең менен караңгыда туруп ишке кетебиз, кечинде чыксак кайра эле түн. Балдар үйгө келип сабактарын кылганча түн жарым, кайра эле таң атпай туруп мектепке жөнөмөй. Бул албетте баарыбыздын ден соолугубузга зыянын тийгизүүдө», — дейт Адылбек Акматов.

Демилгенин авторлору Кыргызстан 2005-жылдан бери саатты жылдырбай, кышкы, жайкы убакытка дагы өтпөй калганын белгилешти.

Мындай чечим Жогорку Кеңеш жана президент тарабынан кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 1924-жылы  UTC+5 алкагында жашаса, кийин 1930-1981 UTC+6га өткөн. 1981-жылы биринчи жолу жайкы убакытка өтүү киргизилген. 2005-жылы саатты  которуу токтотулган.

Көпчүлүк илимий маалыматтарда өлкө өзүнүн географиялык убакытынан бир саатка алдыда жашары белгиленет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>