Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын борту «Аль-Мактум» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз