Чиновниктерге жана ишкерлерге “элиталык” интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды, — УКМК

Чиновниктерге жана ишкерлерге “элиталык” интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды, — УКМК

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды таратууга жана сойкуканалардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюунун алкагында, эскорт кызматын көрсөтүү деген шылтоо менен төлөөгө жөндөмдүү жарандарга, жогорку кызматтагы аткаминерлерге, чиновниктерге жана ишкерлерге “элиталык” деп аталган интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

2023-жылдын 27-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Whatsapp мессенджеринде 8ге жакын группа — “Туса”, “Luxury”, “Голодные игры”, “Красотки”, “Top Girls”, “Болталка”, “Онли/KG”, ошондой эле Telegram мессенджеринде 2 группа – “Models 312”, “Голодные игры” бар экени аныкталды, алардын курамына 18 жаштан 25 жашка чейинки 200гө жакын модель кыздар кирип, акчалай сыйлык үчүн интимдик кызмат көрсөтүүдө. Ошол эле учурда, бир сааттык интимдик кызматтын баасы 300-3000 АКШ долларына чейин өзгөрүп турат, ага Instagram жана TikTok социалдык тармактарында популярдуу болгон жаш кыздар жана сулуулук сынагынын катышуучулары тартылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен аталган группалардын бардык катышуучулары такталып, кардарларды түздөн-түз издеп, жолугушуу жайларын сүйлөшүп жүргөн администраторлору жана менеджерлери 2002-жылы туулган С.С.Б. жана 1997-жылы туулган Т.А. кармалып, Кылмыш-жаза процессуадык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан группалардын башка уюштуруучуларын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге колдоо көрсөтүүгө катышкан кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>