Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Садыр Жапаров Дубайга барды
30.11.2023 | 19:22
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын борту “Аль-Мактум” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.
Эскерте кетсек, мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар