Камчыбек Ташиев пара алган соттор менен катуу күрөш башталарын айтты

Камчыбек Ташиев пара алган соттор менен катуу күрөш башталарын айтты

2023-жылы УКМК 5 судьяны пара менен кармаганын аталган комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Балыкчыда УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, бардык сот чечимдери пара алуу менен чыгарылат.

«Соттор кайдан пара алышат? Алардын пара аларын элдин баары билет. Ошол пара алган сотторду кармоого аракет кылып жатабыз. Быйыл 5ке жакын гана судьяны кармадык, биздин өлкөдө 500 судья бар. Алар күн сайын, ай сайын миңдеген чечимдерди чыгарышат. Көп чечимдер пара менен кабыл алынат. Муну түшүнүп, билип, чара көрүшүбүз керек», — деди ал.

Ташиев белгилегендей, бардыгын жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес.

Анын айтымында, сотторду дайындоодо президент баары менен жыйын өткөрүп, тапшырмаларды берет. Бирок соттор пара алышат, деп кошумчалады ал. Ташиевдин айтымында, бул жерде соттор менен айыпталуучуларды адвокаттар байланыштырат.

“Адвокаттар ортомчу болуп, пара жеткирип берүүчүлөр болуп калышты, алар коргогон адамдардын мыйзамдуу укуктарын коргобойт. Соттор кардарлардан түз эле пара ала албайт. Пара юристтер аркылуу которулат, муну баары билет», — деп кошумчалады ал.

Камчыбек Ташиев сот системасындагы коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>