Көчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт
“Тууга тийбегиле”. Жарандар желекти өзгөртүүгө каршы кол топтоодо
01.12.2023 | 15:05
Сhange.org сайтында Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүүсүз калтыруу үчүн кол топтоо жарыяланды.
Анын автору Нурсултан Эркин уулу өлкө жарандары желектин өзгөрүшүнө каршы экенин билдирет.
“Туу – Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы болуп саналат. Аны өзгөртүү менен биз 30 жылдык тарыхыбыздан баш тартып жатабыз”, – дейт ал.
Петиция бир нече сааттын ичинде 2,5 миң кол топтоду.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта #тууга тийбегиле акциясы дагы өтүүдө.
Жогорку Кеңеш кечээ бул боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Туунун негизги автору Бекбосун Жайчыбеков Жогорку Кеңешке чакырылган эмес
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом