Класста 50 окуучу. Мектепте бир балага канча чарчы метр аянт бөлүнүшү керек?

Класста 50 окуучу. Мектепте бир балага канча чарчы метр аянт бөлүнүшү керек?

Мектептеги класстардын тардыгынан балдарга аба жетишпей, саламаттыгына зыян тийүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” парламенттик фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.

Ал билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевадан мектепте бир балага канча чарчы метр бөлүнүшү керектигин сурады.

“8 метр”, — деп жооп берди аткаминер.

“Туура эмес, анда ар бир класс футбол талаасы болушу керек. Эмерек коюлган бөлүгүн эске албаганда бир окуучуга 2,5 чарчы метрден аянт туш келиши шарт. Бирок биздин класстар тар. 50 бала аба жетпей, чарчап отуруп, кантип сабакты түшүнөт? Балдарда гипокция өнүгүүдө”, — деди ал.

Белгилей кетсек, өкмөттүн 2016-жылы кабыл алган (№201) «Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптары» токтомуна ылайык  класстардын аянты бир окуучуга 2,5 чарчы метрден, ал эми жеке сабактарды уюштуруу бөлмөсү — 3,5 чарчы метрден кем эмес болушу абзел.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>