Туунун негизги автору Бекбосун Жайчыбеков Жогорку Кеңешке чакырылган эмес

Туунун негизги автору Бекбосун Жайчыбеков Жогорку Кеңешке чакырылган эмес

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган эмес. Бул тууралуу ал өзү Reporter.kg’ге билдирди.

Анын айтымында, ал жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тууну өзгөртүү демилгесине өз пикирин билдирген кийин аны жыйындарга чакырбай калышты.

“Тууну өзгөртүү демилгесине өз пикиримди айтканмын. Эми чынын айтсам, азыркы тууга Матаевдин катыштыгы жок. Анын варианты өтпөй калган”, — дейт ал.

Туунун түп нускасынын үлгүсү революция учурунда Акүй менен бирге өрттөнүп кеткени айтылган. Анын көчүрмөсү Бекбосун Жайчыбековдо сакталган.

Белгилей кетсек, азыркы желекти иштеп чыккан беш жарандын үчөөсүнүн көзү тирүү – Бекбосун Жайчыбеков, Жусупбек Матаев жана Эдил Айдарбеков.

Жогорку Кеңеш кечээ бул боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ага каршы болгон жарандар социалдык тармакта #тууга тийбегиле акциясын өткөрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>