Бишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылдыУлууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалдыАИ-92ге берилген субсидия айдоочуга айына 4,6 миң сомдон ашык үнөмдөөгө мүмкүндүк берет — Экономика министрлигиИИ-агенттер Канаданын өкмөтүнүн сайтына кирүүгө аракет кылышканОш шаарында 1 миң 200 орундуу чоң мектеп курулду
Парламент тууну өзгөртүүнү колдоду. Кимдер колдоп, кимдер каршы болду? (тизме)
29.11.2023 | 11:26
Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.
Тууну өзгөртүүгө 66 депутат макул, 8 депутат каршы деген добуш берди.

Эскерте кетсек, тууну өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примовдун көтөрүп чыгып, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган. Эки депутат Кыргызстандын туусундагы түндүк менен толкун сымал күндүн нурларынын айкалышын күн караманын гүлүнө салыштырган чечмелөөлөр бар экенин билдирип, күндүн нурларын түз кылып өзгөртүүнү сунуштаган.
Ошол эле учурда эл тууну өзгөртүүгө каршы. Муну журналисттер жүргүзгөн сурамжылоолордон да билсе болот. Журналисттердин суроосуна жооп бергендердин көбү тууну өзгөртүүнү кереги жок деп эсептейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом