Бишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырды
Опера жана балет театрынын башкы директору кармалды
01.12.2023 | 16:29
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга (Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси) шектелүүдө.
Маалыматка караганда, Алмазбек Истамбаев театрдын балансында турган мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө бюджетке зыян келтирген.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Алмазбек Истамбаев 2022-жылдын февраль айында опера жана балет театрына жетекчи болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом