Бишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланатКыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирди
Опера жана балет театрынын башкы директору кармалды
01.12.2023 | 16:29
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга (Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси) шектелүүдө.
Маалыматка караганда, Алмазбек Истамбаев театрдын балансында турган мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө бюджетке зыян келтирген.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Алмазбек Истамбаев 2022-жылдын февраль айында опера жана балет театрына жетекчи болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом