Мугалимдин айлыгы аттестациянын жыйынтыгына жараша чегерилет

Мугалимдин айлыгы аттестациянын жыйынтыгына жараша чегерилет

Билим берүүнүн сапатын аныктаган департамент түзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулу парламентте билдирди.

Анын айтымында, департамент окуу жайлардагы билим берүүнүн деңгээлине мониторинг жүргүзүп турат.

«Билим берүү жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык ар бир  мугалим аттестациядан өтөт. Анын жыйындыгы менен алардын маянасынын көлөмү аныкталат», — деди ал.

Расул Авазбек уулу мектеп директорлору коркутуу менен иштен алынып жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Министрдин орун басарынын маалыматында,  беш жылдан ашык иштеген 47 жетекчи өкмөттүн токтомуна ылайык бошотулду.

“Алар сынактан өтүп кайра ордуна келе алат. Бул 2021-2040-жылга карата кабыл алынган билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда”, — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>