Дүйнөлүк күрөш уюму Тыныбекованы “Жылдын мыкты балбаны” наамына көрсөттү (видео)

12.12.2023 | 11:57

Дүйнөлүк күрөш уюму кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы “2023-жылдын мыкты балбан кызы” наамына көрсөттү.

“Жылдын мыкты балбан кызы” наамына жалпы 5 спортчу көрсөтүлгөн. Алардын арасында Тыныбековадан тышкары 2 япониялык, америкалык жана түркиялык балбан кыздар бар.

Спортчуларга Дүйнөлүк күрөш уюмунун “Инстаграмдагы” unitedworldwrestling баракчасынан добуш берүүгө болот.

Белгилей кетсек, быйыл Айсулуу Тыныбекова 6 эл аралык мелдешке катышып, 4 алтын, 1 коло медаль уткан. Алардын ичинде Тыныбекова Азия жана дүйнө биринчиликтерин утуп, Азиянын 5 жана дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болду.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top