Азия кубогунун алдында Кыргызстандын курама командасы 4 оюн өткөрөт

15.12.2023 | 09:05

Улуттук курама команда Азия кубогуна даярдыктын алкагында 4 беттеш өткөрөт. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.

“Ак шумкарлар” Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираты, Сирия жана Вьетнам менен ойнойт.

Оюндар Дубай жана Абу-Даби шаарында 17-декабрдан 6-январга чейин өтөт.

Алгачкы беттеш 24-декабрда Өзбекстан менен болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top