Алмата — Бишкек жолунда 150 унаа Кыргызстанга өтө албай калды

Алмата — Бишкек жолунда 150 унаа Кыргызстанга өтө албай калды

Казакстанстандын Жамбыл облусунун Кордай районунун ортосунда 100-150 унаа Кыргызстанга өтө албай турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ Алма-Ата –Ташкент (чакырымы такталууда) унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар  Алга менен Кордай айылынын ортосунда турат. 

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Бүгүн  жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргызстандан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен саат 03:05те Ак-Жол чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти.

Жол жүрүүчүлөр волонтерлор тарабынан коопсуз жайга эвакуацияланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>